Кирешеден түшкөн салыкты төлөө механизминин өзгөрүшүнөн улам аймактардагы май куюучу жайлар жабылууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, нефтетрейдерлер күйүүчү майды "Газпромдон" дүңүнөн сатып алуу боюнча сүйлүшүүсүнө карабай, алар үчүн жаңы шартта иштөө пайдасыз, себеби киреше үчүн салыкты алдын ала төлөөгө алардын акчасы жок.
Акенеев аванс катары талап кылынып аткан киреше салыгын орточо май куюучу жай бир айда иштеп таба албай турганын кошумчалады. Ишкана киреше салыгын аны алгандан кийин гана төлөй алат, - дейт ал.