Кыргызстындын атынан "А" классындагы эл аралык турнирге алты мушкер катышат

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Николай Мангердин жаркын элесине арналган эл аралык "А" классындагы турнирге катышат. Мелдеш 25-30-мартта Украинада өтөт.

Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов аталган турнирге Кыргызстандан алты мушкер катыша турганын "ВБ"га билдирди. Алар: Турат Осмонов (49 кг салмакка чейин), Азат Үсөналиев (52 кг салмакка чейин), Медер Мамакеев (56 кг салмакка чейин), Адилет Бекеев (60 кг салмакка чейин), Эрмек Сакенов (64 кг салмакка чейин) жана Эркин Болотбек уулу (69 кг салмакка чейин).

Украиналык ЖМКлар белгилегендей. аталган турнир "А" категориясына кирет жана Украинадагы бардык спорт турнирлердин ичинен эң мыктысы. Анын жеңүүчүсү эларалык класстагы спорттун чебери деген наам алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД