10-кичи районго жылуулук берүү бүгүн калыбына келтирилет

Бүгүн кечке чейин Бишкектин 10-кичи районуна жылуулук берүү калыбына келтирилет. Бул тууралуу "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын директору Алымбек Абдылдаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, азыр гана "Бишкекжылуулукэнергонун" 10-кичи райондогу казан мешке газ бериле баштагына тууралуу телефонограмманы "Кыргызгаз" ААКы берген. Калган башка казан мештерге газ берүү азырынча пландала элек. Ошентип Бишкекте 13 казан мешке газ берилбей иштебей турат.

Эскертсек, Бишкектин газ чарба башкармалыгы "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын 103 млн сом карызынан улам анын 14 казан мешине газ берүүнү токтоткон.

"Бишкекгаздын" директору Таалайбек Далбаев бардык карыздар төлөнмөйүн газ берилбей турганын "ВБ"га билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД