Бүгүн, 6-мартта, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев шаардын көйгөйлөрү, анын ичинде бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Финансы министринин орун басары Таалай Таткулов "белгиленген параметрлерди аткарбай коюу жылдан жылга төмөндөп" баратканын белгиледи. "2010-жылы планды аткаруу 95,8% болуп, жыйынтыгында шаардык бюджетке 180 млн сом түшпөй калган. 2011-жылы план 90,7%га аткарылып, шаар бюджетине 458 млн сом түшкөн эмес. Ал эми 2012-жылы план болгону 88%га аткарылган. Анын кесепетинен 694 млн 500 миң сом түшкөн эмес", - дейт Таткулов.