Атажуртчулардын Жалал-Абаттагы митинги аяктады

Жалал-Абаттагы атажуртчулардын митинги аяктады. Бул тууралуу Жалал-Абат обладминистрациясынын маалымат-катчысы Жакшылык Стамбеков "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, обладминистрациянын алдына митингге чыккандар тарашты. Бирок алардын талаптары күчүндө. Алардын талаптары: эртең, 7-мартта, "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду камактан чыгаруу, "Кумтөрдүн" айланасындагы маселени чечүү.

"Учурда обладминистрациянын алдында эки боз үй тигилип, анда 10дөй киши бар. Алар атажуртчу депутаттарды колдоо штабынын жетекчилери. Бирок алар азыр кандайдыр бир талаптарын билдирбей эле турат", - дейт Стамбеков.

Ал ошондой эле митингчилер эртең Бишкекте боло турчу сот ишинен кийин кайтадан чогулушу ыктымалдыгын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД