Мукар Чолпонбаев: Кыргызстанды башка элдин экспанциясынан сактоо керек

"Кыргызстанды башка элдин экспанциясынан сактап, алардын басып алууларын токтотуу керек. Тактап айтканда, кытай жарандарынын басып алуусунан. Мисалы, Орловка, Куршаб айылдарында болгон окуялар чыныгы зөөкүрлүк деп баалайм",- деп "Азаттыктын" 6-марттагы "Ыңгайсыз суроолор" программасынын түз эфиринде "Кыргызстанды сактоо кыймылынын" жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев билдирди.

Ал ошондой эле өкмөттүн жыл сайын сырттан 10 миң жумушчу киши алабыз деген токтомуна нааразы экенин айтты. "Мына азыркы өкмөт 10 миң кишини сырттан алабыз деп квота карап атат. Аны Кытай жарандары колдонуп, бизге толуп кетти. Алар келип каалаганын жасап атат. Биздин укук коргоо органдары ал окуялардын бетин ачып, чекит койбостон жашырып атат",- деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД