Мас абалында жол кырсыгына кабылган киши депутаттын айдоочусу болуп чыкты

0034KG номерлүү "Тойота" машинасынын айдоочусу 6-мартта мас абалында жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал машина Жогорку Кеңештин депутаты Курмантай Абдиевге таандык экенин аныкталды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактан "ВБ"га белгилүү болду.

Эскертсек, Маевка айылынан айдоочу жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Тартип сакчылары окуя болгон жерден машинанын бамперинин калдыктарын табышкан. Автонун өзүн кийинчерээк "Келечек" жаңы конушунан табышкан.

Шектелүүчүнүн айтымында, ал чындап эле бетон тосмону барып сүзгөн. Бирок жөө адамды сүзүп кеткенин мойнуна албай атат. Тергөөчүлөр шаардык жана райондук ооруканаларга сурам жиберишкен жана ошол күнү эч бир жаран жол кырсыгына кабылып, кайрылбаганын билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД