Алмазбек Атамбаев аялдарды 8-март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев аялдарды 8-март аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Ал өз куттуктоосунда "дүйнөдө сиздер – апаларыбыз, эжелерибиз, карындаштарыбыз, кыздарыбыз, неберелерибиз бар болгон үчүн биздин жашообуз өзгөчө мааниге ээ", - деп белгиледи. Бул тууралуу КР президент аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Аялзат – үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту. Өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат. Аялзаты Каныкейдин акылмандыгын, Жаңыл мырзанын каармандыгын, Курманжан датканын кайраттуулугун боюна сиңирген. Тарыхыбыздын эң татаал учурларында сиздердин ишенимиңер, үмүтүңөр күчүбүзгө күч кошуп, элибизди жаркын келечек үчүн күрөшүүгө шыктандырып келген. Бүгүнкү күндө элибиздин турмушу жеңил эмес. Аялдар эркектер менен тең катар турмуш түйшүгүн өз мойнуна алып, үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына кам көрүп жаткан учуру. Кудай буюрса, жакынкы жылдары урпактарыбыз сыймыктана турган өлкө курабыз. Сиздердин кайратмандыгыңар, чыдамкайлыгыңар, кеменгерлигиңер бул ыйык максатыбызга жетүүгө өбөлгө түзөт деп терең ишенем",- деп жазылат куттуктоодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД