Депутат өкмөттү жеткиликтүү турак-жай курууга чакырды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 7-марттагы, пленардык жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев министрлер кабинетинен жеткиликтүү турак-жай курууну суранды.

"Өмүрбек Бабановдун жетекчилигиндеги мурдагы өкмөт орто класс жана аз камсыз болгондорго жеткиликтүү турак-жай курабыз деп билдиришти эле. Бирок, кийинчерээк бул маселе көтөрүлбөй калды. Ал ортодо бизде турак-жайга муктаж болгондор көп. Алардын көпчүлүгү үй сатып алууга каражат топтой албайт. Ошондуктан өкмөткө кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү турак-жай салуу маселесин иштеп чыгууну сунуштайм. Эл менен да бул маселе боюнча сүйлөшүү керек. Негизинен жаш үй-бүлөлөр аймактарда эмес, борбордо жашоону каалашат", - дейт Бекешев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД