Асылбек Жээнбеков аялдарды эл аралык майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков аялдарды эл аралык майрамы менен куттуктады. Төраганын куттуктоосунда: "Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан кыргыз эли эзелтен эле кут даарыган аялзатка өзгөчө сый мамиле жасап, үйдүн куту, очок ээси катары караган. Аялзат биз үчүн – мээрман эне, асылкеч жар, күйүмдүү эже-карындаш, жароокер кыз. Ансыз адамзат турмушун элестетүү да эч мүмкүн эмес", -деп айтылат.

"Түптүү кыргыз журтунан өз элине тээк болуп, арты узун сабак аңызга айланган айымдар арбын чыккан. Азыр дагы арабыз бош, уучубуз куру эмес. Аялдар коомдогу зор күчкө айланды. Алар мамлекеттик кызматта да, парламентте да, саясатта да, бизнесте да, жарандык коомдо да өз ордун таап, ишке батыл аралашып, талыкпай турмуш жүгүн тартып келет. Бар тилегим ушу: жашоо жарыгы, үйдүн куту, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуу менен, өлкө келечеги үчүн жасап жаткан адал эмгегиңиздердин, илгери үмүтүңүздөрдүн үзүрүн көрүп, жаз баарындай дайым жаш, дайым сулуу, гүлдөй назик боло бериңиздер".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД