Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.
Социалдык саясат комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиеванын айтымында, эгер талкуудагы мыйзам долбоору кабыл алынып кала турган болсо, "майып" деген сөз –"мүмкүнчүлүгү чектелген", "карыгандар" деген сөз – "улгайгандар" деген сөздөр менен алмаштырылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, мыйзам долбоорунда "Конституция аркылуу Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын толук тизмеси келтирилгендиктен, мыйзам долбоорунда калкка көрсөтүлгөн кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү боюнча ыйгарым укукту өкмөткө жүктөө сунушталат",- деп айтылган жери бар. Бирок, калктын аярлуу катмарына төлөнүүчү социалдык төлөмдөр көлөмүн өкмөт парламенттин уруксатынан кийин гана белгилей алат.
Баяндамачынын пикиринде, калктын аярлуу катмарына төлөнүүчү социалдык төлөмдөр көлөмүн өкмөт парламенттин тармактык комитетинин макулдугу менен гана белгилей алат деген сунушту кошумчалаган туура болот.
Мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.