Орусиядагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери жүк-200дү жөнөтүүдө мамлекет тарабынан жардам берүүнү суранууда. Ушундай сураныч менен "Орусиядагы бүткүл кыргыз конгреcси" коомдук уюму жана диаспоралар биримдиги Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине кайрылышкан.
"Мындай кайрылуулар биринчи жолу эле түшүп аткан жок. Алардын кайрылууларына жооп катары "Кыргызстан" авиакомпаниясы өткөн жылдын аягында абдан маанилүү кадам жасады. Компания Орусиянын аймагында каза болгон мекендештердин сөөгүн мекенине бекер алып барып келүүнү аткара баштады. Бул ишти бир кыйла жеңилдеткени менен аны толук чече албай атат", - деп Орусиядагы бүткүл кыргыз конгрессинин жетекчилери белгилешти.
"Маселе аталган компаниянын учактары Орусиянын бардык аймактарына учпагандыгында болууда. Азыр биз башка авиакомпанияларга жүк-200дү алып келүүдө жок дегенде 50%га жеңилдик берүүсүн өтүнүп атабыз", - Улан-Удэ шаарындагы (Буратия Республикасы) "Ала-Тоо" улуттук-маданий борборунун төрагасы Доорбек Абдразаков билдирди.
Абдразаков ошондой эле, "Өткөн жылы биздин аймактан 17 мекендешибиздин сөөгү жөнөтүлдү", -деп кошумчалады. – Каза болгон мекендештердин сөөгүн жөнөтүү бардык процедура жана төлөмдөрдү төлөө менен 100 миң рублге жетти. Бул чыгымдарды көтөрүү маркумдардын жакындарына жана аларга жардам берген диаспораларга туура келүүдө. Кеткен чыгымдын жарымын мамлекет да өз мойнуна алса жакшы болмок", - дейт ал.