Шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Аманбай Кайыпов коалициялык көпчүлүктүн өкүлдөрү вице-мэр Вячеслав Красиенкону кызматынан алууну талап кылып атканын билдирди.
Кайыпов ошондой эле, "Тазалык" муниципалдык мекемесинин, муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жана капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилерин да кызматынан четтетүү керектигин белгиледи.
"Биз Иса Өмүркуловго да жасалган иштер тууралуу отчеттү үч ай ичинде берүүнү талап кылып кайрылып, жана түзүлгөн абалдан чыгуу үчүн сунуштарын күтөбүз. Бул абал чечилбесе коалициялык көпчүлүк Бишкек мэрине ишеним көргөзбөөнү демилгелейт", - деди ал.
КСДПнын лидери Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Зарлыковдун жоопкерчилигин кароо үчүн шаардык кеңештин депутаттары Финансы министрлигине кайрылууга ниетенип атканын билдирди. Андан сырткары башкы архитектор Абдыкаровду кызматынан алуу талабы менен Курулуш жана аймакты өнүктүрүү мамлекеттик агенттигине кайрыла тургандыгын баса белгиледи.
"Башка вице-мэрлердин да жоопкерчилигин кароо боюнча чараларды көрүү керек", -деди Кайыпов.