Эртең Бишкектин бир катар райондорунда таза суу токтотулат

Эртең, 12-мартта, саат 9-00дөн 16-00гө чейин "ХБО" суу топтогучундагы профилактикалык оңдоо иштеринен улам борбор калаанын бир катар райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

"Бишкексууканал" башкармалыгынын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр, Горький, Достоевский жана темир жол линиясында №99 лицейде, "Нур" ЖЧКсында, "Алеша" ЖАКында, "Бишкек-Нан" ААКында, "Завод "Айнур" АКында, "Завод "ДСМ", "Инхотек", "Ак-Марал дизайн сервис" корпорациясында, транспорт башкармалыгында, БПАТП №3, Бишкек автоучкомбинатында, "КыргызАвтоВАЗ" компаниясында, "Дасмия" ресторанында, "Автобытсервис" АКында, ЧуПВЭС, "КТИ Агромаш", "Медиафарм", АО "Электротехник" акционердик коомунда таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Ошондой эле Горький 1а дарегинде жайгашкан басмаканада жана "Айдан-фарма" ЖАКында да таза суу болбойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД