Адвокат: MegaComдун өкүлү ачкачылыгын улантууда

"MegaComдун экс-жетекчисинин кеңешчиси Алмазбек Абеков 7-мартта баштаган ачкачылыгын улантууда", - деп анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, Абеков ага Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн алыскы аймактардын окуучуларына жардам берүүгө мүмкүнчүлүк бербегени үчүн ачкачылык жарыялаган.

"Айыпталып аткан Абеков жетектеген "Алиппе ТВ" программасы бардык бүтүрүүчүлөргө тестке татыктуу даярданууда жардам берип келген, бирок быйыл окуучуларга жардам берүү үчүн программага тыюу салып коюшкан",- дейт Айткулов.

Адвокат ошондой эле Абеков бир гана кайнатылган суу ичип атканын жана жакын арада ачкачылык кармоодон баш тартпай турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД