2012-жылы Кыргызстандыктар 8 млрд тамеки чегишкен. Бул тууралуу бүгүн тамекиге болгон акциздик салыктын көбөйүшүнө арналган коомдук угууда "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Ал тамекиге болгон талаптын жогору болгонуна карабай, салык анчейин жогору эмес экенин белгиледи. Өткөн жылы тамекиге болгон акциздик салыктан 800 млн сомдой түшкөнүн кошумчалады.
Депутат тамекиге болгон салыктын формасын жөнөкөйлөтүп, аны өзгөртүүнү сунуштады. Бекешев ошондой эле, миң сигаретке берилчү 150 сомдук акциздик салыктан тышкары, чекене максималдык баага 8%ын кошумча салык бар экенин билдирди. Азыр акциздик салыкты эч кандай кошумча салыгы жок 280 сомго чыгаруу сунушталууда.