Бүгүн, 11-мартта, депутаттар тобу тарабынан иштелип чыгып, тамеки өнүмүнө карата акциздик салыкты көтөрүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Ал үчүн Салык кодесине бир катар түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Мыйзам демилгечилеринин бири Дастан Бекешевдин берген маалыматына караганда, башка коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда тамеки өнүмдөрүнө карата акциздик салык көлөмү өтө төмөн. Мисалы, ушу тапта 1 пачка тамекинин наркы 30 сом турса, 1000 пачка тамекиге 120 сом гана салык кошулат. Казакстан 1 пачка тамекиден кошумча 20 сом салык алат. Орусия 2014-жылдан тарта 1000 пачка тамекиден 20 евро акциздик салык алмакчы.
Депутат ошондой эле дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун иликтөөлөрүнө ылайык, узак жылдар тамеки тарткан адамдын өмүрү 16-21 жылга чейин кыскарат. Эл аралык иликтөөлөр тамекинин сатык баасы кескин кымбаттай турган болсо, тамеки тарткандардын саны 30 пайызга чейин кыскара тургандыгын көрсөткөн.
Ал эми Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев 2013-жылы тамеки өнүмдөрүнө карата акциздик салыктын өлчөмү көбөйбөй тургандыгын билдирди. Анын пикиринде, салык өлчөмү коңшу өлкөлөрдөн жогору болсо, контрабандалык ташуулардын көлөмү дагы арбыйт. Ошондон улам, 2014-2016-жылдар аралыгында акциздик салыкты акырындык менен көтөрүү чаралары көрүлө тургандыгын айтты. Ошондон кийин гана аны коңшу өлкөлөргө теңөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Талкууга катышкан Кыргызстан рыногунда иштеп жаткан "Реемстма-Кыргызстан", "Philip Moris" өңдүү компаниялардын өкүлдөрү азырынча акциздик салык көлөмүн көтөрүүнүн зарылчылыгы жок деген оюн билдиришти. Мындай чаралар контрабанданын күчөшүнө алып келүү менен, импортчулар менен өндүрүшчүлөрдү ишине кедергисин тийгизет.
Аларга жооп катары депутат Дастан Бекешев жарандарыбыздын ден-соолугу баарынан жогору турарын айтып, насвай, калян, сигара сындуу тамеки заты колдонулган башка өнүмдөргө да акциздик салык киргизүү керектигин баса белгиледи.
Жыйынтыгында "КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.