Феликс Кулов: Парламентаризмдин жакшы жактары – ачык-айкындуулук

"Мен парламент менен өкмөттүн ишине, өзгөчө каатчылык кезеңде, жарандары ыраазы болгон дүйнөдөгү бир да өлкөнү билбеймин. Биздин милдет парламеттин ролун эл талабына жооп бергидей күчөтүү болуп саналат", - дейт "Ырыс алды – ынтымак" парламенттик көпчүлүк коалициясынын жетекчиси, "Ар-Намыс" парламенттик фракциясынын башчысы Феликс Кулов, айрым күчтөрдүн парламентти таркатуу чакырыктарына түшүндүрмө берип жатып. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

"Азыр президенттик башкаруу таризине кайтып келүүгө чакырган адамдар бар. Президенттик башкаруу таризи менен 14 жыл жашадык, парламенттик башкарууда жашаганыбызга 2 гана жыл болду. Жакшы жактары бар экен – ал Жогорку Кеңеш ишинин ачык-айкындуулугу. Баардык маселелер ачык талкууланууда, мисалы, "Кумтөр" маселеси. Коомчулук ар маселе боюнча ар депутаттын көз карашын көрүп-билип турат. Кыргыз парламенти ачык иш алпаруу менен, анын дарегине айтылган сын пикирлер бизге жардам берүүдө. Биздин милдет – парламенттин ролун эл талабына жооп бергидей күчөтүү", - дейт Феликс Кулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД