"Бишкекжылуулукэнерго" жылуулук бере баштады

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын казан мештерине 7-марттан баштап газ бериле баштады. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта, "Бишкекжылуулукэнергонун" директору Алымбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, коммуналдык ишкананын "Кыргызгазга" январь айы үчүн болгон карызы 36 млн сом өлчөмүндө сакталууда. Негизги карыздар бюджеттик мекемелердин жылуулук үчүн маалында төлөбөгөндүгүнөн улам пайда болгон.

Эскертсек, 4-мартта Бишкектин газ чарбасы боюнча башкармалыгы "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын 103 млн сом карызынан улам 14 казан мешине газ берүүнү токтоткон болчу. Анын кесепетинен 10-кичи район жана Биринчи Май менен Ленин райондоруна жылуулук берүү токтотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД