Мэрияда иштеген аткаминерлер Бишкек шаардык кеңештеги фракция лидерлеринин сурамдарын теңине албай атат, - деп бүгүн, 11-мартта, шаардык парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Союзбек Салиев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн жарандар мэриянын ишине нааразы болуп чыгып атышы – конституциянын иштелип чыгуусунун жыйынтыгы. Депутат ошондой эле учурда шаарды башкаруу принциби өзгөрмөйүн шаарды башкаруу реформалары эч кандай жыйынтык алып келбей турганын белгиледи.
"Жеке мен эки жолу муниципалдык менчик башкармалыгына сурам жөнөттүм, бирок бир да жолу жооп алган жокмун. Мэриянын катардагы аткаминери шаардык кеңештеги фракция лидерин теңине албай атат", - деди Салиев.
Ал ошондой эле бүгүн муниципалитет аппаратынын курамын эң аз дегенде 20%га кыскартуу керектигин белгиледи.