КСДП партиясынан депутат болуп шайланган Ирина Карамушкина айымдын Жогорку Кеңештин трибунасынан туруп алып кыргыз тилине, кыргыз элине карата айткан ар кандай ой-пикирлеринен улам Ош шаарынын тургундары президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, Жогорку сотко, Башкы прокуратурага жана фракция лидерлерине кайрылуу жолдошту.
"Буга чейин массалык маалымат каражаттарында кыргыз калпагы жөнүндө айткан сөздөрүнө да, эми бир аял байкабай сүйлөп алгандыр да, базар деңгээлине түшпөйлү,- деп маани берген эмеспиз. Ал эми акыркы жолку айткан сөзүнө чыдап тура албадык. Түрмөдө отурган жаранды фашистке теңөөгө Ирина Карамушкинага ким укук берген? Күнөөсү мойнуна коюла элек депутаттарды колдоп, акция өткөрүп жаткан баатыр энелерге карата фашист деген сөздү айткан адамдын кол тийбестигине, социалдык абалына, ээлеген кызматына, улутуна, расасына жана жынысына карабай жалпы Кыргызстандын элинен кечирим суроосун талап кылабыз!!! Урматтуу Президент, Урматтуу Спикер, Урматтуу Башкы прокурор, Кыргызстандын баатыр энелерине карата фашист деген Ирина Карамушкинага тез арада кылмыш ишин козгоону талап кылабыз!", - деп айтылат кайрылууда.
Ош шаарынын тургундары ошондой эле, "Кыргызстандын жарандарын фашист деген депутаттын кыргыз парламентинде отурууга укугу бар же жок экендигин Жогорку Кеңештин отурумуна талкууга алып чыгып, аны телевидение аркылуу түз эфирде калкка көрсөтүүнү камсыз кылууңузду талап кылабыз!!!", - дешет.