Өз кызмат ордуна татыксыз болгон бир катар аткаминер жумуштан кетүү боюнча арыздарын жазышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта, Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов билдирди.
Шаар башчы кимдер өз арыздарын жазгандыгын тактаган жок. Бирок алардын ар бирин калыс түрдө карарын айтты.
"Мисалы бир чиновник мага жакпашы мүмкүн, бирок ал жакшы адис. Ошондуктан биз ар бир талапкерди адилеттик менен карайбыз. Шаардык кеңештин депутаттарына жагуу үчүн мен кызматкерлерди жумуштан албайм", -деди Өмүркулов.