Бүгүн, 11-мартта, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинде "КР "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окуунун режиминде каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен Ветеринария кызматы түздөн түз иш алып барарын айтып, жыйынга бул кызматтын өкүлдөрүнүн келбегендигин сынга алды. Ошондой эле комитет төрагасы малдын башын идентификациялоо иш-чарасына талап кылынган каржылоо маселесине кызыкты. Баяндамачынын жообуна ылайык, Дүйнөлүк банк тарабынан ар бир районго компьютердик жабдуулар сатылып алынып, алгачкы интернет түйүндөрү курула баштаган.
Депутат Абдумалик Кочкорбаев идентификацияны асыл тукум мал чарбаларынан баштоо керек эле деген пикирин айтып, бул иш-чараны баардык малдан баштоо кыйынчылыктарды жаратарын билдирди. Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Акылбек Жумалиев алгач ири мүйүздүү мал (2014-жылы), андан кийин жылкылар (2015-жыл), кийин кой-эчки (2016-жыл) идентификацияланаарын айтты. Ошол эле маалда идентификациялоо иш-чаралары пилоттук долбоор катары Чүй облусунан башталаары маалым болду.