Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү 2012-жылы 997,3 млн 249 миң сомго аткарылбай калган. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешине "Республика" фракциясынан депутат Эрнис Докенов билдирди.
Анын айтымында, 2011-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 633,7 млн сомго аткарылган эмес.
Республикачы депутат ошондой эле фракция салык төлөөчүлөрдөн жоопкерчиликти албай турганын, ошол эле учурда мэрия да ага көз салуусу керектигин белгиледи. Мэрия салыктан алынбоочу кирешелер боюнча төлөмдөрдү да камсыз кылган эмес. Өзгөчө административдик айыптар – 17 млн сом, бөлмөлөрдүн ижара акысы – 23,6 млн сом, юстиция органдары тарабынан алынчу мамлекеттик пошлина дээрлик – 34 млн сом, жер сатуу – 48,8 млн, унаа токтотуучу жайдан алынчу төлөм – 10,2 млн сомду түзгөн.
"Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн аткарбоо жылдан жылга өсүүдө. Бирок, алардын алдын алып, болтурбоо үчүн шаар мэри эч кандай чараларды көрбөй келет", - деди депутат.