Алмазбек Атамбаев: Кыргызстанда бир канча күчтүү партия болушу керек

"Кыргызстанда бир канча күчтүү партия болуш керек. Кийинки боло турчу президенттик шайлоодо президенттикке талапкер болгондордун арасында жок дегенде 4-5 күчтүү киши болушун каалайм". Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев КТРКга 11-мартта берген маегинде баса белгиледи.

Ал өз сөзүндө акыркы президенттик шайлоодо 87 киши талапкер болгонун айтып, анын арасында түрдүү катмардагы кишилер болгонун белгиледи.

Мамлекет башчы президенттик мөөнөтүн аяктаган учурда кыргыз элине башка бир Кыргызстанды калтырып кетүү ниети бар экенин айтты. "Бизде саясый элита алмашуусу керек. Алардын ордун баса турчу татыктуу жаштар бар. Мына жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо көптөгөн жаштардын партиясы катышты. Тилекке каршы алар өтпөй калды. Менин да алар менен жолугуп сүйлөшүүгө ниетим бар", - деди ал.

Атамбаев билимдүү жаштар Кыргызстандан өз ордун таппай, мамлекеттен сыртка кетип атканын да белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД