Ким олумуш болуп иштеп жатат.СДПК га мучо болгон соттор бир канча мыйзам бузса дагы талапкерлиги жактырылып кайра сот болуп шайланышты.
"Эскертип кетейин: азыр министр, депутат, прокурор, сот болобу кол тийбестигине карабастан алар да жоопко тартылат. Биз да өнүккүн мамлекеттердин катарында коррупциянын алдын албасак, Кыргызстан жок болуп кетүү коркунучунда турат". Мындай пикирин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев КТРКга 11-мартта берген маегинде билдирди.
Президент бир катар кишилер сотту эптеп создуктурууга аракеттерди көрүп атканын айтты. "Алар ар кандай аракеттерди көрүп, өлүмүш болуп ишти эптеп создуктурууга аракет кылышууда. Мына MegaComдун иши бир жылдан ашып кетти"- деди президент.
Президент ошондой эле учурда сот системасында реформа жасалып атканын белгиледи.