Камчы Көлбаев дагы бир ай камакта болот

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Көлбаевди МУККнын тергөө абагында 8-апрелге чейин калтыруу чечимин чыгарды.

Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев дагы бир ай камакта болот. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынан "ВБ"га билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Көлбаевди МУККнын тергөө абагында 2013-жылдын 8-апрелине чейин калтыруу чечимин чыгарган.

Эскертсек, буга чейин Көлбаевди МУККнын тергөө абагында кармоо ушул жылдын 8-мартына чейин узартылган болчу.

Камчы Көлбаев бир нече кылмыш иштери менен айыпталууда. Анын ичинде "Кылмыш тобун түзүү", "Мыйзамсыз курал алып жүрүү жана аны сактоо" өңдүү беренелер боюнча айыпталууда.

Белгилей кетсек, Көлбаев 2012-жылдын 8-декабрында Дубайдан Бишкекке келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД