"Камалган атажуртчу депутаттарды колдоп митинг уюштургандар баатыр энелерди өздөрүнүн саясый кызыкчылыгына колдонуп атат", - деп "ВБ"га КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Ош шаарынын тургундарынын президентке, Жогорку Кеңеш төрагасына, башкы прокуратурага жазган кайрылуусуна түшүндүрмө берип жатып билдирди.
Белгилей кетсек Ош шаарынын тургундары Карамушкина баатыр энелерди фашисттерге салыштырганы үчүн Кыргызстандын элинин алдында кечирим сурасын деген талаптарын айтышкан.
"Мен өз сөзүмдө баатыр энелерди шылдыңдаган эмесмин, мен митингдин уюштуруучулары тууралуу айтып, аларды фашисттерге салыштыргам",- деди Карамушкина.
Депутат өз сөзүндө экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттер балдар менен кары-картаңдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондорун белгиледи.
"Ошондой эле ыкманы бүгүн митинг уюштургандар колдонуп атат. Алар да баатыр энелерди өз кызыкчылыгына колдонууда. Баатыр энелер менин 7-марттагы пленардык жыйында сүйлөгөн сөзүмдүн стенограммасын сурап карашса болот. Мен эч кимди мазактаган эмесмин жана мен эч кимдин алдында кечирим сурабайм. Баатыр энелер ошол стенограмманы окушсун",- деди депутат айым.