Алкоголдук ичимдик сатып алуучулардан документ талап кылуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин бүгүнкү, 12-марттагы, жыйынында Дастан Бекешев, Турсунбай Бакир уулу, Ширин Айтматова тарабынан демилгеленген "КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Депутат Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору балдар арасында аракечтикти болтурбоо жана жашы жете электерге ар кандай алкаголдук ичимдиктерди сатууга кескин тыюу салуу, жашы жетпегендерге алкаголдук ичимдиктерди сатканы үчүн администрациялык жоопкерчиликтү күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунда сатуучуларга алкоголдук ичимдик сатып алуучулардын өздүгүн тастыктоочу күбөлүгүн көрсөтүүнү талап кылуу милдеттендирилүүдө. Муну менен жашы жете элек балдарга алкоголдук ичимдиктерди сатууга бөгөт коюлат деген демилгечи депутат бир катар өлкөлөрдүн бул багыттагы мыйзам актыларын мисалга тартып, алардын жыйынтыктуу натыйжасына токтолду. Ошону менен катар мыйзам долбоору аркылуу радиодо жана телекөрсөтүүлөрдө алкаголдук ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салууну саат 7ден түнкү 12-00гө чейин узартуу сунушталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД