Эки ай ичинде Кыргызстандан экспорттолгон товарлардын көлөмү 113,2 млн долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 6,5% көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
Ал эми Кыргызстанга келген импорттолгон товарлар 8,7%га жогорулап, 379,8 млн долларды түзгөн. Ошентип Кыргызстанга алынып келген товар экспорттон 3,4 эсеге көп болгон.
Улуттук статистикалык комитеттен билдиргендей, экспорттун көбөйүшүн транспорт менен алып келүүнүн өсүшү менен түшүндүрүштү. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,7 эсе көп. Ошондой эле өсүмдүк майы (25,3%га) жана алтынды алып келүү (1,3%) жогорулаган.
Импорт 8,7%га өскөн. Ал минералдык продуктыларды алып келүүдөн улам (14,3%) жогорулаган. Ошондой эле машина, жабдыктар жана механизмдерди алып келүү 9,7%га өскөн.