Академик Сабыр Жумабеков Чикагодогу конгресске катышат

Ушул жылдын март айында Американын ортопеддер академиясынын чакыруусу менен жыл сайын өтүүчү конгресске академик Сабыр Жумабеков быйыл да катышат. Ал менен бирге анын илимий иштер боюнча орун басары профессор Жаныш Сулайманов да учуп кетти. Конгресс аталган академиянын борборунда, башкы кеңсеси жайгашкан Чикаго шаарында өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун басмасөз кызматы билдирди.

Бул ири илимий иш-чарада ар кайсы өлкө, мамлекеттерден келген делегаттар ортопедия тармагында болуп аткан ачылыштарды, жаңы ыкма, технологияларды талкуулашып, өз тажрыйбалары менен бөлүшмөкчү. Андан сырткары дүйнө жүзүндөгү чоң компания, фирмалар тарабынан жасалган ортопедиялык аспаптардын, жаңы аппараттардын көргөзмөсү да болот.

Кошумчалай кетсек, академик Сабыр Жумабеков Америкадагы 4 ири ассоциациянын: Американын ортопеддер академиясынын, Балдар ортопедиясы ассоциациясынын, Түндүк Америка (Канада, АКШ, Мексика) жана Чыгыш Азия (Япония, Түштүк Корея) мамлекеттери биргелешип түзгөн балдар ортопедиясы ассоциациясынын, Сөөктү узартуу боюнча атайын түзүлгөн ортопеддер уюмунун мүчөсү болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД