Шаарды жакшыртуу маселелерине жооп берген вице-мэр Вячеслав Красиенко ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 13-мартта, "ВБ"га билдирди.
Анын айтымында, Красиенко жумуштан өз ыктыяры менен кетүү тууралуу арыз жазгандыктан ал дүйшөмбү күнү жумушунан четтетилген.
"Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жумушунан кетсин деп сунушталган мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Марат Мияров да кызматынан алынды. Ал өткөн жылкы ишиндеги кемчиликтери үчүн жумуштан кетти", -деди Иса Өмүркулов.
Мэр ошондой эле мэрияда иштеген башка аткаминерлер менен анын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин иши да текшериле турганын кошумчалады.
Эскертсек, 11-мартта Бишкек шаардык кеңештин кезексиз жыйыны болуп, анда депутаттар вице-мэр Вячеслав Красиенкону жана бир катар муниципалдык кызматтын башчыларын жумуштан четтетүү үчүн үч күн мөөнөт беришкен.