КСДП фракциясынын депутати Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-марттагы, пленардык жыйынында вице-премьерлердин санын кыскартууну сунуштады.
"Президенттин өз аппараты, төраганын өз аппараты, премьер-министрдин өз аппараты бар. Жакында эле коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министрлик кызматты киргизишти. Демек, бизде 4 вице-премьер-министр болуп калды да. АКШ сыяктуу ири мамлекеттерде бир президент жана бир вице-президент эле бар. Биз болсо кичинекей мамлекетпиз, бизге мынча вице-премьер-министрлердин канчалык кереги бар?",- деп суроо салды ал.
Депутат вице-премьер-министрлердин санын кыскартуу керек деп билдирди. Ал мындай кадам менен каражатты үнөмдөөгө боло турганын айтат.
Белгилей кетсек, бүгүн министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү – коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча Шамил Атаханов, ички иштер министри Абдулда Суранчиев, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев жана эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов ант беришет. Ант берүүгө президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүүдө.