Депутат кытайлар Кыргызстандын жерлерин тартып алышы мүмкүн деп тынчсызданды

Депутат Тынчтык Шайназаров "азыркы күндө кытай тараптан экспанция болууда. Бул мага байкалып атат", -деп Жогорку Кеңештин 14-марттагы пленардык жыйынында билдирди.

Ал күн сайын Ош менен Бишкек шаарында Кытайга аба каттамдары бар экенин айтып, бир учакка 200 киши бата турган болсо, анын 195 кытай жараны экенин айтты.

"Кытай менен соода алакасынын түзүлүшү жакшы. Бирок түштүк тараптагы жергиликтүү тургандар башка нерсени айтышууда. Алардын айтымында, кытай жарандары тоо-ташты аралап, жерге ар кандай плиткаларды катып атышат. Кийин канча бир жылдан кийин кытай археологдору келип, ал жерди казып, бул жер биздин жер экен деп айтса эмне кылабыз. Андыктан биздин атайын кызматтар ушуну текшеришсе жакшы болот эле",- дейт эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД