"Жыл сайын сел жүрүү коркунучу бар аймактар бизде көп. Андыктан кырсыктардын алдын алуу боюнча иштерди жасоо керек,- деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-марттагы, пленардык жыйынында "Республика" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова билдирди.
Депутат ошондой эле Чарбак айылынын тургундарынан кайтадан кайрылуулар болуп атканын да белгиледи. "Мына жакында эле төрага башында турган депутаттардын делегациясы чек арага жакын жайгашкан Чарбак айылына барып келдик. Жетекчилер келери алдында бардыгы жакшы болуп, бериле турчу каражатты бөлүп, иштер башталган эле. Бирок, депутаттар кетери менен ал иштердин бардыгы токтоп калды. Ушуну чечип берсеңиздер деп кайтадан кайрылып атышат. Андыктан төрага бул маселени сиз да өз көзөмөлүңүзгө алып койсоңуз", - деди депутат айым.
Эскертсек, чек арага жакын жайгашкан Чарбак айылында жыл башында жаңжал чыккан. Ошондой кийин кыргыз өкмөтү такталган чек ара тилкелерин тикенек зымдар менен тосууну баштаган. Акыркы маалыматтар боюнча чек араны тикенек зымдар менен тосуу иши токтоп турат.