Жүрөк оорусунан Кыргызстанда бир күндө 50 киши каза болот

Бир жылды Кыргызстанда 18 575 киши жүрөк оорусунан каза болот. Башкача айтканда бир күндө 50 киши жарык дүйнө менен кош айтышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-марттагы, пленардык жыйынында айтылды.

Депутаттар Саламаттыкты сактоо министри келип бир жыл ичинде жасаган иштери тууралуу отчет берүүсүн талап кылышты.

Депутаттар ошондой эле акыркы убакта жаңы төрөлгөн ымыркайлар менен энелердин өлүмү өскөнүн айтты. Мындай абалдын түзүлүүсүнө министрдин түздөн-түз тиешеси бар деген депутаттар да болду.

Бир катар депутаттар Саламаттыкты сактоо министри аймактарды кыдырбай, ал жактагы абалды билбей атканын сынга алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД