Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант берди

Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү – коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Шамил Атаханов, ички иштер министри Абдулда Суранчиев, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев жана эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов Жогорку Кеңеште ант берди.

Өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү кыргыз тилинде ант берди. Башкалардан өзгөчөлөнүп эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов өз сөзүн "Бисмиллахир рахмани рахим" деп баштады.

Ант берүү салтанатына КР президенти Алмазбек Атамбаев катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД