Депутат Мурадыл Мадеминов "Зекет" фондунун ишмердигине кызыкты

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-марттагы, пленардык жыйынындагы "Ар түрдүү маселелер" сааты өтүп, анда эл өкүлдөрү бир катар маселелерди чечүү керектигин билдиришти.

Депутат Мурадыл Мадеминов "Зекет" фонду эми Кадамжай районун каптап кеткендигин айтты. "Фондго мүчөлүккө өтүүчүлөрдөн 1200 сом каражат алынып, андан сырткары элден социалдык обьекттер курабыз деп дагы каражат чогултулуп атышыптыр",- дейт ал. Депутат аталган фонддун күнгөй-тескейин тактап берсеңер деген өтүнүчүн өкмөткө табыштады.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина КР куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө СССР маалындагы адабий китептер пайдаланылып жаткандыгына кабатырланып, жаңы заманга ылайык тарбыя берүүчү, атуулдукка тарбыялоочу адабияттар менен камсыздоону колго алуу керектигине токтолду.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты, ЖК төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 2010-жылдын "7-апрель" окуясында жана "Ош коогалаңында" кылган эмгектери үчүн медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү керектигин айтты. "Мен бул жердеги депутаттардын атынан жана өзүмдүн атыман аларга ыраазычылык билдирем", - дейт депутат айым.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД