Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында бүгүн саат 04:20 чамасында Абик №60 көчөсүндө жайгашкан "Нур-Шоола" балдар бакчасында өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен балдар бакчасынын 200м² чатыры күйгөн. Ал 50 кишиге ылайыкташтырылып, 1972-жылы курулган барак тибиндеги имарат болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басмасөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүү үчүн КРнын ӨКМнин №45 Өрт коопсуздугу бөлүгүнөн 2 бөлүм жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган. Өрт саат 08:10дө чектелип, саат 10:35те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок. Өрттүн себеби такталууда.