КР Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан билдиришкендей, 14-март күнү таңкы саат 04-32лер чамасында кыргыз-казак чек арасында күчү 4,7 балл болгон жер титиреди.
Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Эчкили-Таш айылында 4 балл, Кең-Суу жана Жыргалаңда 3,5 балл болсо, Түп жана Каракол шаарларында 2,5 балл болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана каза болгондор жок.