"Ата-Журт" фракциясынын депутаттары – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун сот иши бүгүн да уланып, мамлекеттик айыптоочу аларды 9 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратууну талап кылды.
Анын айтымында, депутаттар мыйзамды бузган жана алардын аракети Кылмыш жаза кодекси боюнча оор деп саналат.
"Камчыбек Ташиевди 10 жылга эркинен ажыратып, катуу көзөмөлдөгү колонияда мөөнөтүн өтөөсүн суранам. Садыр Жапаровду да катуу көзөмөлдөгү колонияга 10 жылга, ал эми Талант Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратууну суранабыз", - деди ал.
Андан сырткары айыпталып аткан Кубат Кожоналиевди да катуу көзөмөлдөгү колонияга 8 жылга эркинен ажыратуу суранышты. Эки жан сакчыны 3 жылга, бирөөнү 4 жылга эркинен ажыратуу талап кылынды.