Кылмыш кодексине киргизилген үч толуктоону депутаттар бир күн бою талкуулашты.
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү 14-марттагы пленардык жыйында – Кылмыш, Кылмыш-процессуалдык жана Кылмыш-аткаруучу – үч кодекске киргизилген педофилдерди химиялык бычуу тууралуу толуктоону биринчи окууда жактырышты. Биринчи окууда жактырылышы керектигин демилгечилердин бири "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу көтөрүп чыкты.
Белгилей кетсек, депутаттар бир күн бою зордукчуларга карата химиялык бычуу киргизүү керектигин талкуулашты. Депутаттардын айтымында, мындай чара көрүү жыныстык мүнөздөгү кылмыштардын санын азайтат.