Атамбаев: Орусия Бажы биримдигине киргиле деп бизден талап кылган жок

"Мен айтат элем, Орусия Кыргызстанды Бажы биримдигине киргиле деп талап кылган жок", - деп президент Алмазбек Атамбаев 14-марттагы маалымат жыйында билдирди.

Ал муну Кыргызстандагы сатуу рыногу кичинекейлиги – 5 млн киши бар экендиги менен түшүндүрдү. Андыктан экономикалык жактан инвесторлор үчүн пайдасыз, себеби, Кытай, Казакстан сыяктуу коңшу мамлекеттер бар.

"Эгер биз Евро биримдик менен коңшу болгондо ал жакка кирүүнү суранмакпыз. Бирок бүгүнкү күнү биздин жалгыз гана тандообуз – бул Бажы биримдиги. Эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, рынок 5 млн киши эмес, 200 млн киши болот",- деди президент.

Анын айтымында, Кытайдын жана Европанын инвесторлору Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн күтүп жатышат. Себеби, продукцияларды биримдиктеги бардык мамлекеттерге сатууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

"Бул биздин туура тандоо деп ишенем. Тилекке каршы Евро биримдик менен бирдиктүү чек арабыз жок",- деген президент, Бажы биримдигине кирүү 1-2 жылга чейин чоюлушу мүмкүндүгүн кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД