Атамбаев өлкөдө болуп аткан митингдер "цивилизованный" болуп калганын айтты

Атамбаев Кыргызстанда парламенттик демократиянын түзүлөрүнө ишенет.

"Кыргызстанда парламенттик демократияны курууга болоруна ишенем", -деп президент 14-марттагы маалымат жыйында австриялык журналисттердин суроолоруна жооп берип атып билдирди.

Анын айтымында, кыргыздарда дайыма көчмөн демократия болуп келген жана алар өздөрү жетекчини тандашкан. Кыргызстанда митингдердин болуп жатышы демократиялык коомдун өнүгүшөн кабар берет.

"Өткөн жылы статистика боюнча бир күндө эки митинг болуп турган. Бул да болсо демократиянын белгилери жана Кыргызстанда демократиялык коом түзүлүп атканынан кабар берет",- деди Атамбаев.

Президент сөзүн жыйынтыктап атып, Кыргызстанда митингдер "цивилизованный" болуп калганын белгилеп, "биз өз араб жазыбыздан өттүк" деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД