Чет өлкөлүктөргө чек ара аймагындагы жер тилкелери пайдаланууга берилбейт

Жогорку Кеңештин 14-марттагы жыйынында "КР Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору менен республикада чет өлкөлүк жактардын, жарандардын жер тилкесине болгон укугу такталууда. Ошону менен катар мыйзам долбоорунда кайрылмандарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга чек ара аймагындагы жер тилкелерин мөөнөттүү пайдаланууга берилбестиги белгиленген.

Аталган мыйзам долбоору 2-окууда добушка коюлуп, кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД