Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Ян Аткинсон өкмөттүн сүйлөшүү тобу менен жолугат. Бул тууралуу кечээ, 14-мартта, журналисттер менен болгон жолугушууда вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
Анын айтымында, "Кумтөр" боюнча келишимди кайтадан кароо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Аткинсон Кыргызстанга келди. "Ал "Кыргызалтын" ААКтын өкүлдөрү менен жолугууда. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча пресс-релиз даярдалат", - деди Оторбаев.
Биринчи вице-премьер Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти менен жолугушуусу пландалбагандыгын белгиледи.
Эскертсек, Жогорку Кеңештин 14-марттагы пленардык жыйынында, Аткинсондун Бишкекке келгендиги тууралуу маалымат айтылган.