"Демократия – бул импорт же экспорт кылуучу товар эмес, бирок демократиялык коомду түзүү боюнча мамлекеттердин сүйлөшүүсү абдан маанилүү", - деп 14-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйында Австриянын президенти Хайнц Фишер билдирди.
Анын айтымында, демократиялык жол менен өнүгүү багытын алган мамлекет үчүн тажрыйба алмашуу жана сүйлөшүү үчүн достор абдан керек. "Мына ушундай пикир алышуулар абдан пайдалуу", - дейт президент.
Фишер ошондой эле Кыргызстан ар дайыма Австрия сыяктуу досуна ишенсе боло турганын кошумчалады.
Эскертсек, Австриянын президенти Кыргызстанда 14-15-мартка белгиленген расмий иш сапары менен жүрүүдө.