"2013-жылы чек арадагы жаңжалдар 40%га кыскарган",- бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов ведомствонун коллегиялык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2011-2012-жылдары Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактарда көп чек аралык жаңжалдар катталган. Бирок, жаңжалдардын статистикасына ылайык, жалпы окуянын тенденциясы 40%га кыскарганы байкалууда. "Жаңжалдар негизинен жазында, жайында анан күзүндө болот",- деп кошумчалады Мамытов.
Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин Өзбекстан менен чектешкен аймакта 102 окуя болгонун, Тажикстан менен чектешкен аймакта 62 окуя болгонун кошумчалады. 2010-жылдын январынан 2013-жылдын февралына чейин 172 окуя болгон. Анын ичинен 2010-жылы – 63, 2011-жылы – 54, 2012-жылы – 46. Жыл башынан бери тогуз окуя катталган.
Андан сырткары Мамытов Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чек арачылары биргиликте күзөтүүгө чыгыша турганын белгиледи.