Чарчап калган ымыркайдын сөөгүн берүү үчүн дарыгерлер 500 сом талап кылышкан

Акыйкатчынын Оштогу өкүлчүлүгүнө Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын тургуну Ош облустук төрөткананын дарыгерлерине нааразы болуп кайрылган. Бул тууралуу омбудсмен институтунун басмасөз кызматы билдирди.

Кайрылган аялдын айтымында, ал төрөтканада медициналык көзөмөлсүз жатып, жыйынтыгында дарыгерлердин кош көңүлдүгүнөн улам төрөт учурунда баласы өлүп калган.

Жабыр тарткан аял ошондой эле төрөткананын кызматкерлери медициналык кызмат көрсөткөндүгү үчүн эки миң сомдон ашык алышкан айтат. Ооруканага жаткыруу үчүн 800 сом, чарчап калган ымыркайдын сөөгүн алуу үчүн 500 сом, ымыркайдын картасын толтуруу үчүн 200 сом, керектүү оро-чулгоо үчүн 260 сом, оңдоо иштерине 150 сом, башка бөлүмдөн келген дарыгер үчүн 300 сом, транспорттук чыгымга деп 60 сом алышкан.

Акыйкатчынын Ош облусу жана шаары боюнча атайын өкүлү медицина кызматкерлеринин кош көңүл мамилеси боюнча иликтөө иштерин жүргүзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД