Экономикалык өнүгүүгө негизги кедергисин тийгизген коррупция менен күрөшүүда Австрия Кыргызстанга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен болгон жолугушуу учурунда Европа жана эл аралык иштер боюнча министрликтин мамлекеттик катчысы Райнхольд Лопатка билдирди.
Ал Кыргызстан Европанын рыногуна чыгыш үчүн соода тармагын жакшыртуу боюнча Австрия өлкөсү мамлекеттик институттарды жана мекемелерди курууда жардам берерин белгиледи.
Райнхольд Лопатка кыргыз өкмөт башчысын Эл аралык коррупцияга каршы академияга кирүүгө чакырды.
Андан сырткары Австрия тарап Эсептөө палатасынын иши боюнча Кыргызстанга жардам берүүгө даяр.